Чаткал районунда "Энелер күнү" жогорку деңгээлде уюштурулду

29-05-2024

Чаткал районунда "Энелер күнү" жогорку деңгээлде уюштурулду

Чаткал районунун Каныш-Кыя, Терек-Сай айыл аймактарында "Энелер күнү" майрамы иш чарасы жогорку деңгээлде уюштурулду.

Майрамга 7 баладан көп төрөгөн апалар, баатыр энелер, эне данкы медалы менен сыйланган айымдар, саламаттык сактоо, билим берүү тармагына зор салым кошкон энелер, чакырылып, майрамдык сый тамак тартууланды.

Түйшүгү түмөн апалар аз да болсо көңүлдөрү жай алып, үй тиричилигин унута түштү. Апалардын урматына райондук маданият бөлүмү тарабынан ыр десте сунулду.

Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы- акимдин орун басары Алтынай Таштанбаева көп жыл агартуу жаатында эмгектенип, бирок азыр да алыстап кетпей насаатчы болгон энелерибизди, эмгек өргүүсүнө чыккан ак халатчандардын үйүнө чейин бейтапты алып баргандарына токтолуп, энелердин коомдогу ролу эбегейсиз зор экенин баса белгиледи.

Майрамдын соңунда көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен беш эне, райондук аялдар кенешинин Ардак грамотасы менен 2 эне сыйланды.

Белгилей кетсек, май айынын 3- жумасы энелер күнү жер- жерлерде белгилнгди. Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012- жылдын 23- апрелиндеги № 93 Жарлыгына ылайык, уюштурулду.

Сүрөттөр