Чаткал районунда эт азыктарынын сапаттуулугу көзөмөлдөнүүдө

03-02-2024

        Чаткал районунда эт азыктарынын сапаттуулугу көзөмөлдөнүүдө

     "Мал уурулук - Веткөзөмөл" аталыштагы иш -чара Чаткал райондук ветеринардык башкармалыгы жана Чаткал райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте райондогу эт сатуучу дүкөндөр жана коомдук тамактануучу жайлардагы эт азыктарын текшерип чыгышты. 

      Бүгүнкү күндө районубузда эт сатуучу 5 дүкөн, 11 коомдук тамактануучу жай текшерилип ар бир ашкана, дүкөн ээсине, айыл чарба малдарынан адамдарга жугуучу оорулар туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар дайым тазалыкты сактап, санитардык абалды карап туруусу эскертилди дейт Чаткал райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Алмаз Батырбеков

      Ал өз сөзүндө тамак-аш коопсуздугу райондук ветеринардык башкармалыгынын ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясынын дарыгери тарабынан көзөмөлдөнүп турат деп кошумчалады.

      Чаткал өрөөнүндө көбүнесе кой-эчки эти, азыраак санда уй эти жана жылкы эти дүкөндөрдө сатыкка чыгат.

      Айта кетсек текшерүү ️КРнын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 10-октябрь № 349- буйругу; - КРнын Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 368-буйругу; - КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана КРнын Ички иштер министрлигинин биргелешкен "Мал уурулук кылмыштарына каршы күрөшүү жана ветеринардык коштоочу документтерди текшерүү иш-чараларын уюштуруу жөнүндө" 51-т тескемесин, "Мал уурулук - Веткөзөмөл" аттуу 2024-жылдын 26-январында чыккан 10-тескемесин аткаруу максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

      Дагы алдыда бодо мал жана майда жандык ташуучу уналарда, мал союлчу жайларда, ийри мүйүздүү малдардын кулагындагы биркалары, жылкылардын чиптери текшерилет. 

Бул иш -чаралар Чаткал РМА аркылуу көзөмөлгө алынат.

 

Сүрөттөр