Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал районунда кичи жана чакан ГЭСтер курулат
23-04-2024

Чаткал районунда кичи жана чакан ГЭСтер курулат
Бул туурасында Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы -акими Алтынбек Сеңирбаев Каныш - Кыя айылдык кеңешинин депутаттарын кабыл алууда ачыктады.
Өлкөдөгү өнүгүү программасынын алкагында Чаткал өрөөнүнүн дагы инфраструктурасын жакшыртуу максатында атайын иштиктүү пландар иштелип чыккан. Бул жолугушууда Чаткал акими менен депутаттар районубузга киреше алып келүүчү жана калктын социалдык абалын жакшыртууга багытталган ири жана орто долбоорлорду талкууга алышты.
Быйылкы жылдан тартып жергиликтүү кеңешке 5 билдирүү келип түшкөн. Мында ГЭС курууга ылайыкталган жер тилкелери аныкталышы керек жана инвесторлорду тартуу жагын карап чыгышты.
Бул долбоорлор бир топ убакытты талап кылат. Буйруса чакан, орто жана ири ГЭСтер курулуп калса район калкы үчүн пайда гана алып келмекчи.
Сүрөттөр