Чаткал районунда "Өкмөттүк акселератор" программасы менен жеке менчик бала бакча ачууга болот

29-03-2024

 Чаткал районунда ишкерлер жеке менчик бала бакча ачуу мүмкүнчүлүгү бар

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Р.Чынбаеванын “Өкмөттүк акселератор” программасынын «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарга мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө жана камтууну жогорулатууда тоскоолдуктар кыскартуу жөнүндө» №1 “100 күн челленджинин” алкагында өткөрүлгөн 2024-жылдын 26-февралындагы чыгыш №32-1637 сандуу протоколдук тапшырмасынын 4-пунктун аткарууга алуу менен, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 12-мартындагы жумушчу топ түзүү жөнүндөгү № 89-б буйругу жана иш чаралар планы бекитилип райондун аймагындагы Каныш-Кыя, Терек-Сай айыл өкмөттөрүнө 2024-жылдын 12-мартындагы № 01-23/954 чыгыш сандуу каты менен тиешелүү мекемелерге аткарууга жөнөтүлгөн.

 “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу, балдарды мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 12-мартындагы № 50-б буйругунун негизинде Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 20-мартындагы № 96-б буйругу жана иш-чаралар планы бекитилген. 

Ошондой эле жеке ишкерлер менен үй-бүлөлүк бала бакчаларды ачуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тапшырмалар берилди. 

  ️Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 14-мартында № 38-буйругу чыгарылып, ишке ашыруу үчүн иш-чаралар планы түзүлүп бекитилген.

 “Мамлекеттик тездеткичтер” программасын масштабдуу жайылтуу боюнча 2024-жылдын 1-мартында райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 2014-жылдын 14-мартында жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эмгек жааматына, мекеме жайгашкан айылына масштабдуу жайылтуу боюнча тапшырмалар берилген.

 Директорлор тарабынан жыйындар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Шекафтар айылынын тургуну Дербишова Гүлнара Жообаевна Өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында бала бакча ачуу боюнча иш алып бараарын билдирген. 

 2024-жылдын 26-мартында райондук жумушчу топтун отуруму өткөрүлдү.

 Отурумдун № 1 протоколдук тапшырмасына ылайык топтун мүчөлөрүнө жана тиешелүү адистерге айыл ичиндеги потенциалдуу жеке ишкер аялдарды табуу жана кийинки отурумду ишкерлер менен биргеликте өткөрүлөрү белгиленди. 

Ошондой эле отурумга бала бакча ачуу боюнча кызыккан Кара-Суу айылынын тургуну Мамрасул кызы Айгүлгө кеңири маалыматтар берилди. Ал эми Г.Дербишовага тиешелүү мекемелер тарабынан кеңештер берилип, иш жүргүзүлүүдө.