Чаткал районунда социалдык контракт алган үй-бүлөлөрдүн ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү

26-04-2024

 Чаткал районунда социалдык контракт алган үй-бүлөлөрдүн ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү 

КРнын эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси Алимбай Сатыбалдиев Чаткал районунда соцконтракт алган үй - бүлөлөрдүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыкты.

 Өрөөн мал чарбачылыкка ыңгайлуу болгондуктан бодо мал жана майда жандык алган үй-бүлөлөр көп болгон. Кээ бирлери бал өстүрүү жагын колго алса, чеберчилик, шириндик чыгаруучу цехтер да киреше табуу аракетинде.

Мониторинг жүргүзүү учурунда Алимбай Сатыбалдиев Чаткал районундагы социалдык контракт алган үй-бүлөлөрдүн кирешелүү, пайдалуу жагы көп болгонуна токтолуп, соцконтракт долбоору Чаткал районунда өз жемишин бергенин айтып өттү. 

Быйылкы жылы да жөлөк пулдан баш тартып, долбоор жазган үй - бүлөлөрдү аныктоону Чаткал райондук эмгек социалдык камсыздоо башкармалыгына табыштады.

 Адистер Чаткал райондук жетекчилер менен да келечек пландарын түзүүгө жетишти. Анткени жергиликтүүлөрдүн социалдык абалы район жетекчилерин да көзөмөлүндө турат.

 Эске салсак, Чаткал районунда 2022- жылы 50 үй - бүлөө жөлөк пулдан баш тартып, долбоор жазса, 2023 - жылы 110 үй- бүлөө соцконтракт алган. Ал эми быйылкы жылы 250 үй - бүлөнүн долбоору текшерүүдөн өтөт.