Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал районунда унаа жолдору кардан тазаланууда
29-01-2024

Кече күндөн тартып аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн Чаткал өрөөнүндө кар жаады. Бирок жол тейлөө кызматы ыкчам жумуш алып барып, жолдор кардан тазаланып жатат.
Ала -Бука - Жаңы -Базар - Кировка авто жолунун 124 -136 чакырым аралыгы кардан толук тазаланып бүттү. Андан сырткары айылдардын ички жолдору тазаланууда. Мында 3 даана автогрейдер, бир даана автопогрузчик менен 9 кызматкер иш алып барууда.
Ал эми Красная -Горка - Ак - Таш жолунда жумушчулар иштеп жатат. Ошондой эле көчкү түшүү коркунучун да эске алып, атайын техникалар даярдалган дейт Чаткал жол тейлөө кызматынын башкы инженери Дастан Орозбаев. Учурда кар жаап жатат,кардын калыңдыгы 25-30см ашты деп кошумчалайт.
Район жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев № 27 жол тейлөө ишканасына бардык техникалар жана жумушчулар ыкчам иш алып баруусун тапшырма кылды.
Сүрөттөр