Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал районунда "Жашыл Мурас" өнөктүгүнүн алкагында 6 656 көчөт отургузулду
27-04-2024

Чаткал районунда "Жашыл Мурас " өнөктүгүнүн алкагында 6656 көчөт отургузулду
Бугун үч айлык көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча Чаткал районунун бардык аймактарында ишембилик жүрдү.
Мында "Жашыл Мурас" долбоорунун алкагында 6 га жер аянтка 6 656 даана көчөт отургузулду.
Анын ичинде 600 даана ийне жалбырактуу, 5 556 даана мөмөлүү бак дарактар, 500 даана тал теректердин көчөттөрү отургузулду.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы акими Алтынбек Сеңирбаев - Биз Чаткал районунун климатына жараша көчөттөрдү отургуздук. Анткени кар оор түшкөн үчүн мында суукка чыдамдуу дарактарды отургузуу керек эле. Алдыда районду өнүктүрүү пландарынын алкагында бир топ жумуштар аткарылат дейт.
Чаткал району касиеттүү, берекелүү жер. Буйруса жылдан - жылга өнүгүү жолунда. Жашоочулардын да социалдык абалы жакшырып жатат. Көрктөндүрүү жумуштары да колго алынган дешет жергиликтүүлөр.
Сүрөттөр