Чаткал районунда "Жашыл Мурас " өнөктүгүнүн алкагында ар түрдүү көчөттөр отургузулду

11-05-2024

 Чаткал районунда "Жашыл Мурас" өнөктүгүнүн алкагында көчөттөр отургузулду

 Өлкө ичинде жүрүп жаткан 3 айлык ишембиликке Чаткал району да ар бир жума үзгүлтүксүз катышууда.

 Район ичиндеги ар бир мекеменин жалпы кызматкерлери имараттардын алдын, арыктардын ичин, жол жээктерин акыр- чикирден тазалашып, бак дарактарды актап чыгышкан. Учурда райондун бардык аймактары таза.

 Чаткалдыктар ар бир ишембиликте көчөт отургузууга да жетишти.

Алсак, азыркы учурда

📍Каныш- Кыя айыл аймагы боюнча:

5 чакырым жерге 18 000 көчөт отургузулса, анын 600 данаасы ийне жалбырактуу;

Терек-Сай айыл аймагы боюнча:

5,5 чакырым аянтка 7 086 көчөт отургузулса, анын 510 даанасы ийне жалбырактуу көчөттөр;

 Чаткал токой чарбасы тараптан 7,5 чакырым аянтка 35 000 көчөт отургузулса, анын 30 000и ийне жалбырактуу.

 Чаткал району боюнча жалпы 18 чакырым аянтка 60 080 ар түрдүү көчөт тигилген.

 Ар бир аткарылган иш чара Чаткал РМАнын тийиштүү жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынууда.

"Жашыл Мурас”улуттук компаниясы Чаткал районунда жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө. Бул өнөктүк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-т жарлыгын ичине камтыйт.