Чаткал районундагы Кара -Буура ашуусу кар көчкүдөн тазаланууда

24-04-2024

Чаткал районундагы Кара - Буура ашуусу кар көчкүдөн тазаланууда

 Ала- Бука - Жаңы - Базар - Кировка жолунун 180-200- чакырым аралыгы Чаткал райондук №27 жол тейлөө ишканасы тарабынан кар көчкүдөн тазаланууда.

Кызматкерлер учурда 2 погрузчик менен иш алып барып жатат.Алар 12 - апрелден тартып, кар көчкү тазалоо менен алек.Кечээ күнү катуу жааган жамгырдан улам ашууга кайрадан көчкү түшүп калган. Жолчулар жеринде ыкчам иш алып барышууда дейт Чаткал райондук №27 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Мурат Жоошев.

Күйүүчү май Чаткал РМА тарабынан каржыланып жатат. Тийиштүү жетекчилер иштин жүрүшүн көзөмөлгө алууда. 

Эгерде Кара - Бура ашуусу ачылып калса, район тургундарына да, келген конокторго да ыңгайлуу болуп калат.

 Анткени Чаткалдан Талас аркылуу борборго баруу аралыгы 495 чакырымды түзсө, Чаткалдан Ала - Бука району аркылуу Бишкек шаарына чейин 705 чакырымды түзөт.

 Андыктан район жетекчиси Кара -Буура ашуусун ылдамыраак ачылуусун өз көзөмөлүнө алган.

 

Сүрөттөр