Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал районунун Ак - Таш айылында кышкы оюндардын ачылышы болду
28-01-2024

Бүгүн Чаткал районунун Ак - Таш айылында кышкы оюндардын ачылышы болду
Иш -чарага район жетекчилиги, жергиликтүүлөр, коноктор катышты.
Аянтча кардан тазаланып, жол сүрүлгөн. Атайын оюнчулар лыжа, чана, желим балон(тюбинг) менен камсыз болушту. 4 даана чатыр тигилип, жергиликтүүлөр буюм- тайым, тамак -ашын сатыкка чыгарышты.
Жергиликтүүлөр иш -чараны кубануу менен кабыл алышты. Анткени учурда кар жумшак болгон үчүн мындай жылгаяк тебүүчү аянтча жок кыйналышчу.
Өрөөндө кар көп жаагандыктан, климаттык шартка жараша улам-улам жааган кар басылып отуруп, март айларындагы жамгырдан, суу кардан соң катып, кар үстүндө жүрүү мүмкүнчүлүк жаралат. Тургундар үчүн мындай учур дал ошол убакытка туура келчү.
Эми алар үчүн кар кеткенге чейин таза абада көңүл ачуу менен бирге ден соолугун да чыңдашат дейт акимдин орун басары Алтынай Таштанбаева. Ошондой эле алдыда жааган кар тазаланып, эс алуучуларга шарт түзүлөрүн кошумчалайт. Ачылыштын уюштуруу жагы ага жүктөлгөн.
Эске салсак иш -чараны өткөрүү үчүн аянтчага кире бериште арка коюлуп, сахна жасалган. Жергиликтүүлөр тарабынан жарманке да уюштурулду. Чыгымдар Каныш -Кыя айыл аймагы тарабынан каржыланды. Аймак башчысы Бакыт Исабеков бүгүнкү иш -чара жогорку деңгээлде өттү. Бүгүн 1000ден ашуун эс алуучу келген Өткөн жылга караганда келген коноктор да арбын. Кошуна мамлекеттерден да сурамжылагандар көп болууда деп белгиледи
Сүрөттөр