Чаткал районунун акими 1- июнь " Эл аралык балдарды коргоо " күнү менен куттуктады

01-06-2024

      Чаткал районунун акими 1- июнь " Эл аралык балдарды коргоо" күнү менен куттуктады

     Жердин тирүү гүлдөрү болгон мотурайган бөбөктөр! Ар бириңердин алдыга койгон максаттарыңар бар. Азыркы ааламдашуу алкагында ошол максаттарыңар орундалып, келечекте Чаткал өрөөнүн дүйнөгө тааныткан мыкты инсандар болушуңарга тилектешмин.

      Ал үчүн билимге суугарылып, ар бир күндү, бош убактыңарды текке кетирбей алдыга умтулууңар керек. А биз силер үчүн зарыл деген маселелерди чечүүгө даярбыз!

      Силерге бекем ден соолук, кең келечек каалайм.

    Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы акими - Алтынбек Сеңирбаев.

 

 

Сүрөттөр