Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал районунун акими айыл көйгөйүн жеринде чечүүдө
14-04-2024

Чаткал районунун акими айыл көйгөйүн жеринде чечүүдө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы- акими Алтынбек Сеңирбаев ар бир айылдын калкы менен жолугушуп, айыл көйгөйүн жеринде чечүүдө.
Бул сапар Каныш - Кыя айыл аймагынын Ак - Таш, Курулуш, Жаңы - Базар айылында тургундардын көйгөйүн жеринде угуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырма кылды.
Алсак, Курулуш айылынын тургундары көпүрө салуу маселесин көтөрсө, Жаңы -Базар айылында өрөөн суунун нугун буруу көйгөйү айтылды. Мындан сырткары Байчечекей МЧББУнун ашканасын салып берүү жагын район башчы көзөмөлгө аларын айтты.
Ал эми Жаңы -Базар айылындагы оорукананын короосун оңдоп берүү жагы, спорт залга муктаждык бар экени эске алынды.
Буга чейин район акими Чандалаш айылында болуп, эл менен жолугушкан. Анын өзүнүн иш тартибинде столдо эле отура бербей жетекчилер менен эл арасында болуу керек дейт.
Сүрөттөр