Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев айыл аралап элдик жыйын өткөрдү

19-03-2024

      Чаткал районунун акими айыл аралап элдик жыйын өткөрдү

      Кече күнү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев, акимдин биринчи орун басары Б.И.Беккулиев, аппарат жетекчи Р.А.Асанбаев, адистер А.Жоошев, Т.Жапаркул кызы, К.Алмарсбековдор Чаткал районунун Жаңы - Базар, Курулуш, Ак - Таш айылдарында болуп, жергиликтүүлөр менен жолугушту.

       Элдик жыйында административдик аймактык ирилештирүү боюнча ️ кеңири түшүнүк берилди.

        Район башчысы өз сөзүндө - "Ирилештирүү район үчүн, калк үчүн пайдалуу экендигин айтып өттү. Мисалга алсак, Чаткал районундагы 4 айыл аймактын ичинде, - Каныш - Кыя айыл аймагына Чаткал айыл аймагын жана Терек -Сай айыл аймагына Сумсар айыл аймагын бириктирүү менен дотациядан чыга алабыз. Өзүн - өзү каржылай албаган айыл аймактардагы бир топ маселелерди жеринде чечүүгө болот"- дейт.

        Чаткалга жаз кеч келет. Бирок алдын ала үрөн даярдалып, эгин себүү жумуштарын колго алуу керек. Анан да тоют маселеси да бар. Пайдалуу, калкка кызмат кылган план - долбоорлоруңуздар болсо биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз деп кошумчалады.

      Андан сырткары тоют менен катар жайыт, бодо малдардын жана майда жандыктарды профилактикалык дарылоо жана башка айыл ичиндеги маселелер айтылды. Ар бир айылда айтылган маселелер кагазга түшүрүлүп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

     Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө“ Жарлыгы менен бекитилген Жол картасын ишке ашыруу максатын көздөйт.

 Мындай жолугушуулар дагы жер -жерлерде уланат!

 

Сүрөттөр