Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев мыкты аким деп аныкталды

10-02-2024

https://www.turmush.kg/ru/news:2063874/?from=akipress-ios

      Жалал-Абадда өткөн коллегияда министрлер кабинети жыл жыйынтыгы менен Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевди мыкты аким деп аныктады

       Жалал-Абад облусунун 2023-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиясы өтүп, өткөн жылы өз милдеттерин жигердүү аткарган бир катар кызматкерлердин аты аталды. Алардын арасында Чаткал районунун акими да бар.

        Чаткал районунда социалдык -экономикалык көрсөткүч жогорулап, салык жыйноо , инвесторлорду тартуу, жергиликтүүлөргө түзүлгөн шарттар, жумуш орундарынын камсыздалышы бааланып, Ардак грамота менен сыйланды.

 

 

 

Сүрөттөр