Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал районунун акими Терек-Сай айыл аймагынын Сумсар,Шекафтар, Кызыл-Токой, Терек-Сай айылдарында болуп, эл менен жолугушту.
04-04-2024

Чаткал районунун акими Терек-Сай айыл аймагынын Сумсар, Шекафтар, Кызыл-Токой, Терек-Сай айылдарында болуп, эл менен жолугушту
Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акими Алтынбек Сеңирбаев жана райондук бардык мекеме - ишканалардын жетекчилери менен бирге Терек- Сай айыл аймагындагы айылдардын тургундары менен жеринде жолукту.
Айыл ичиндеги элдин көйгөйлөрү тургундар тарабынан айтылып, тийиштүү жетекчилерден жеринде жооп алышты.
Район башчысы А.Сеңирбаев ирилештирүү эл үчүн да, район үчүн да жакшы өбөлгө экендигине токтолуп, датациядан чыгуу үчүн, жергиликтүү бюджети төмөн айыл аймактарды, өзүн- өзү каржылоого дарамети жеткен айыл аймактар менен бириктирилгендигин айтып өттү. Маселен: Сумсар айыл аймагында каражаты тартыш болгондуктан, маселе чечүү кыйынчылык жараткан болсо, эми Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен жумуш бүткөрүүгө болот дейт.
Ошондой эле жергиликтүүлөрдү бул мамлекеттин идеологиясын, өнүгүү программасын түшүнбөй туруп пикир жаратуудан алыс болууга чакырды. Биздин ар бир аракетибиз калктын жашоо шартын жакшыртуу үчүн жасалып жатат деп кошумчалады.
Ар бир айылдагы жашоочулардын ой - пикирин, көйгөйлөрүн угуу менен бирге, райондук мекеме - ишканалардын жетекчилери 3 айда бир жолу кыдыруу жасап, азыркы айтылган маселелер канчалык деңгээлде чечилиши туурасында отчет берерин табыштады.
Район жетекчилери менен жакындан жолугушуп, маселелери чечилип, көксөөсү канды. Айыл арасындагы аксакалдар алкап, баталарын беришти.
Элдик жыйын жогорку деңгээлинде өтүп, өз максатына жетти.
Сүрөттөр