Чаткал районунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы жана катчысы дайындалды

22-04-2024

 Чаткал районунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы жана катчысы дайындалды

 Райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында райондук аксакалдар кеңешинин отуруму болуп, анда 3 маселе каралды.

 - Аксакалдар кеңешинин төрагасын жана катчысын шайлоо;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 24- февралындагы ПЖ №54 Жарлыгы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө;

- Үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу, балдардын укуктары

жана кылмыштуулук боюнча маселелер каралды;

 Аксакалдар кеңешинин төрагалыгына бир добуштан Ашыркул Кулиев шайланып, орун басары, катчысы Анарбек Борубеков жана тогуз аксакалдан турган мүчөлөрү бекитилди.

Жаны шайланган Аксакалдар кеңешине 2024- жылга бекитилген иш-чара планы боюнча бекитилген жобого ылайык иш алып баруу тапшырмалары берилди.

 Аксакалдар кеңеши айыл ичиндеги көйгөйлөрдү сот органдарына жеткизбей, же болбосо кырдаалдын курчуп кетүүсүн алдын алат. Жергиликтүүлөр арасындагы түшүнбөөчүлүктөрдү жоёт. Кандай учур болбосун мамлекеттик идеологияны калкка жеткирүүдө кол кабыш кыла алышат.

Райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Ж.Таштанбаева өз сөзүндө жергиликтүүлөрдүн арасындагы ар түрдүү маселелерди чечүүдө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө Аксакалдар кеңешинин орду бар экенине токтолуп, жаңы шайланган төрага жана катчынын ишине ийгилик каалады.

 Айта кетсек, буга чейин Чаткал райондук Аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп Кубанычбек Осмонбеков өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан четтетилди.

 

Сүрөттөр