Чаткал районунун бардык мекеме ишканалардын кезектеги ишембиликке чыгышты

06-04-2024

 Чаткал районунун бардык мекеме -ишканаларынын кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты

 Кар толук кете элек болсо да райондук бардык мекеме - ишканалар имараттардын алдындагы, көчөлөрдөгү, ишканаларга бөлүнгөн аймактын айланасын ирээтке келтирип, бак-дарактар буталып жана таштандылар чыгарылды. Дарактарды бутоо менен бирге актап чыгышты. 

 Бул саамалыкта "Жашыл Мурас"  программасынын негизинде жумуш жүрдү. 

 Белгилей кетсек, Кыргызстанда көрктөндүрүүнүн 3 айлык өнөктүгү жарыяланган, анын негизинде 

Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024- жылдын 29-февралындагы № 66-б буйругунун негизинде айлана чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык, көрктөндүрүү жана сантиардык абалын жакшыртуу боюнча жумушчу жүрдү.

 Чаткалдыктар таза аймак үчүн!