Чаткал районунун Беш -Арал жаратылыш коругу

12-02-2024

        Чаткал районунда жайгашкан Беш -Арал жаратылыш коругунда сейрек кездешүүчү жаныбарларга өткөн жылы 40 даана камералык капкан (фотоловушка) орнотулган

        Акыркы эки жылда камералык капкан менен иштөөнү корукчулар да жакшы өздөштүргөн. Буга чейин кызматкерлер жеринде барып дүрбү аркылуу күзөтүүлөрү менен тыянак чыгарып келсе, эми алар так, даана маалыматты камера аркылуу алышууда.

     Чаткал өрөөнү түрдүү өсүмдүктөргө бай жана аз кездешүүчү жаныбарлардын жашоосуна ыңгайлуу келет. 

 Коруктун негизги максаты ошол уникалдуу жаратылыш комплекстерин коргоо, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактап калууну көздөйт.

        Беш-Арал коругунда биотүрдүүлүк салыштырмалуу жогорку даражага ээ. Корукта 1500 жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөр, 46 сүт эмүүчүлөр, 150 канаттуулар кездешет. Анын ичинен Кауфман жана Грейг мандалагы, Корольков шалфейи, Недзвецкий алмасы, Орто Азия, Коржинский алмуруту, Петтуников бадамы өсөт.

        Сейрек кездешүүчү жаныбарлардан Батыш Тянь-Шандын эндемиги Мензбир сууру, кидик така тумшуктуу жарганат, ак тырмактуу күрөн аюу, суусар, чаар күсөн, кундуз, илбирс, аркар, элик, жейре чүткөр, тʏркстан сүлөөсүнү, бүркүт, жылаанчы, бейиш чымынчысы, ителги ж.о.э. бөлөк жаныбарлар бар. 

       ЮНЕСКОнун 2016-жылдын 17-июлуна чейин Тʏркиянын Стамбул шаарында Бүткүл дүйнөлүк мурастар боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 40-сессиясы өтүп, Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу уюмдун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген 

        Корукта төрт багыт боюнча иш алынып барылат:

- илим изилдөө;

- биотехникалык;

- жаратылышты коргоо;

- экологиялык-агартуу иштери.

      Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунда 35 кызматкер эмгектенет. Алар өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча, жапайы жаныбарларга тоют, ноолорду даярдоо менен алардын мекендеген участкаларына туз төгүү, көпүрө, аншлаг, панолорду оңдоо сыяктуу бир нече жумуштарды алып барышат.

       Коруктун жетекчиси Райхан Аманкуловдун айтуусунда бир нече долбоорлорду ишке ашырып, чет элдик уюмдар менен иштөөнүн жыйындысы жакшы натыжа берген. Алар дагы алдыда бир топ долборлорду ишке ашырууну максат кылууда. Жогоруда айткандай камералык капкандарды коюуу менен Кызыл Китепке кирген жаныбарлардын санын жылдан жылга көбөйүү этабын аныктай алабыз дейт.

Сүрөттөр