Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында райондук жетекчиликтин демилгеси менен райондук маданият бөлүмүнүн уюштуруусунда "Ыр кесе- 2024" майрамдык иш- чарасы болуп өттү
22-03-2024

Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылынын Т. Бектурганов атындагы борбордук көчөсүндө "Ыр кесе - 2024" майрамдык иш чарасы болуп өттү
21-март Нооруз майрамында райондук жетекчиликтин демилгеси жана райондук маданият бөлүмүнүн уюштуруусунда болду.
Иш чаранын алкагында майрамдык кече уюштурулуп, ага өрөөн ичиндеги баардык айылдардын жашоочулары катышты.
Ууз апалардын колунан жаралган, көз жоосун алган нукура кебез, жүн буюмдардын көргөзмөсү уюштурулса, дүйүм тамак- аштын түрлөрү дасторкон ажарын ачты. Ыр- бийлер жаңырып, сүмөлөк кайнатылды.
Майрамдык кечеде район башчысы муундан - муунга өтүп келе жаткан нарк- насилди сактап, салтыбызды бурмалабай кийинкилерге өткөрүп бериш керек дейт Апалардын нарк сактап, улуулугун даңазалаган өзгөчө эрежелеринин жыйындысы- өсүп келе жаткан муундун көз карашын, дүйнө таанымын өзгөртпөй койбойт деп кошумчалайт.
Көргөзмөгө катышкан мекеме -уюмдар, жеке ишкерлер даярдыгына жараша, критерийге карап бааланып, кызыктыруучу сыйлыктарга жана Ыраазычылык кат алышты.
Эскерте кетсек, иш чара КР Президентинин 2022-жылдын 20-майы ПЖ № 157 Улуттук нарк жөнүндө жана 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ-N 303 "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу Жарлыгынын алкагында өткөрүлүүдө.
Сүрөттөр