Чаткал районунун Каныш -Кыя айылындагы ️А.Баймырзаев атындагы жалпы орто билим беруучу мектебинде "Балдардын укугу жана милдети "деген темада соц.педагог Мира Сулайманова тегерек стол өткөрдү.

14-03-2024

      Балдардын укуктары жана милдеттери туурасында баарлашуу 

      Чаткал районунун Каныш -Кыя айылындагы ️А.Баймырзаев атындагы жалпы орто билим беруучу мектебинде "Балдардын укугу жана милдети "деген темада соц.педагог Мира Сулайманова тегерек стол өткөрдү.

      Тегерек столго Чаткал РИИБнин ага лейтенаты Бакыт Молдотаев, Чаткал райондук миграция жана бала укугун коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Зинаида Муназараева жана мугалимдер, окуучулар катышты.  

       Өспүрүм балдарды келечекке тарбиялоонун өзү эле бир топ эмгекти талап кылат дешет мугалимдер. Анткени алардын сабакка жетишүү, катышуусунан сырткары мүнөзүнө жараша мамиле кылуу менен сабакка кызыгуусун күчөтүү, коом менен аралаштыруу, милдеттерин аларга сиңирүүнү эске аларын айтышат.

       Ал эми Чаткал РИИБнин кызматкерлери, Чаткал райондук миграция жана бала укугун коргоо бөлүмү мектептер менен тыгыз иш алып барышат.

Сүрөттөр