Чаткал районунун маданият бөлүмүнүн жетекчиси дайындалды

22-04-2024

Чаткал районунун маданият бөлүмүнүн жетекчиси дайындалды

 Бүгүн, Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн жетекчилигине Каныбек Бекмуратов дайындалды.

 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын,ц мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына ачык сынак жарыяланып, жыйынтыгы менен сынактын бардык этаптарынан Бекмуратов Каныбек Имашович жана Жаналиева Зейнеп Ажыбековна өткөн.

 Бекмуратов Каныбек Имашович

- 1972-жыл, 05-февраль, Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Ак-Таш айылында төрөлгөн;

- улуту: кыргыз;

- билими :жогорку;

- адистиги боюнча: музыка мугалими;

Эмгек тажрыйбасы:

01.07.1987-ж. Чаткал райондук "Ак-Таш" совхозунда башкы инспектор;

25.08.1993-ж. Жаш-Тилек орто мектебинде музыка мугалими;

 01.09.2010-ж. Чаткал райондук маданият үйүндө директор;

 21.09.2016-ж. Чаткал райондук балдардын музыкалык мектебинин директору:

10.01.2023-ж. Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы:

 Жалпы эмгек стажы: 30 жыл

- Аракетчил, жоопкерчиликтүү, мыкты уюштуруучу,амбициясы күчтүү;

- Маданияттын замабап өнүгүүсүнө салым кошуу, жаны технологияларды өздөштүрүүгө кызыгат.

 Каныбек Бекмуратов буга чейин Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп турган.

 Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Алтынай Таштанбаева жаңы жетекчини бөлүм кызматкерлерине тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Сүрөттөр