Чаткал районунун өнүгүшүнө салым кошкон мыктылар өрөөндүн бренди түшүрүлгөн сүрөттөр, калемдер, сааттар менен сыйланышты

13-02-2024

        Чаткал районунун өнүгүшүнө салым кошкон мыктылар өрөөндүн бренди түшүрүлгөн сүрөттөр, калемдер, сааттар менен сыйланышты.

      Сыйлык ээлери үчүн мындай белек өзгөчө сезим калтырганын жашырышпайт. Буга чейин канча сыйлык алышса да, бул белек патриоттук сезимди козгоп, мекенге болгон сүйүүбүздү дагы да күчөтүү дешет.

       Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев - Бренд түшүрүлгөн буюмдар мыктыларга гана ыйгарыларын белгиледи. Анткени ар бир инсандын текчесинде тарыхындагы талбас, күжүрмөн, ак эмгегин эскертип туруучу белек дейт .

 

Сүрөттөр