Чаткал районунун Шекафтар айылындагы Ю.А.Гагарин атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине 497 740 сомдук керектүү буюмдар алынды

01-03-2024

     Чаткал районунун Шекафтар айылындагы ️Ю.А.Гагарин атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине 497 740 сомдук керектүү буюмдар алынды

      Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Ю.А.Гагарин атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине башталгыч класстарга 2 комплект парта, стул, шкаф, доска берилди.

Алардын жалпы суммасы 497 740 сомду түзөт: 

- Парта окуучу- 24 даана

- Стул окуучу- 48 даана

- Шкаф окуучу- 14даана

- Шкаф мугалим- 2 даана

- Стол мугалим- 2 даана

- Стул мугалим- 2 даана

- Доска - 2 даана 

      Буга чейин аталган мектепте 2 даярдоо классы жаңыланса, Чаткал райондук мамлекеттик администациясы тарабынан 1 класс- комплект алынган.

       Учурда 4 класс- комплектке муктаж экенин жетекчилик билдирет. Жогорудагы жаңылануулар окуучулар үчүн жагымдуу болуп, мугалимдин билим берүүсүн жакшыртат. Мындай жөрөлгөгө эмгек жааматы да ыраазы.

Сүрөттөр