Чаткал районунун Сумсар айылында тигүү фабрикасы ачылат

10-02-2024

       Чаткал районунун Сумсар айылында тигүү фабрикасы ачылат

      Союз мезгилинде бул жерде учактардын жана оор техникалардын тетиктери чыгарылган. 1978- жылы ”Уралэнергоцветмет” аталыштагы завод Сумсар айылында ишке киргизилип, тажрыйбалуу механик- инженерлер иштеп турган. Заводдун башкы кеңсеси Екатеринбург шаарында жайгашкан.

        1991-жылы СССРдин жоюлушу менен завод “Тулпар” АК болуп түзүлүп, жумуш ыргагын алып кетүү кыйынчылыкка, кризиске туш болот. Мына ошол жылдардан бери имарат бош гана турган.

         32 жылдан бери оңдоп - түзөөгө муктаж болуп, эскилиги жеткен имарат 2023-жылдын август айында Сумсар айыл аймагы тарабынан аукционго коюлат.

        Учурда жеке ишкер А.Атабекова тарабынан имарат толугу менен ремонттолду.Тигүү фабрикасына керектүү шаймандар орнотулууда.Жакынкы күндөрдө толук жумушка кирет. Фабрика 150 жумушчуну иш менен камсыз кылат. 

Сүрөттөр