Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мончок-Дөбө айылынын Жетиген участогунда 5 500дөн ашуун көчөт отургузулду
29-04-2024

Мончок-Дөбө айылына 5 500дөн ашуун көчөт отургузулду
Чаткал районунун Терек -Сай айыл аймагына караштуу Мончок-Дөбө айылынын Жетиген участогунда "Жашыл Мурас" өнүктүгүнүн алкагында 5500дөн ашуун мөмөлүү дарактын көчөттөрү отургузулду.
Бул жер буга чейин айдоо аянты болгон. Ирилештирүүнүн алкагында жана көрктөндүрүү жаатында алма, өрүктүн көчөттөрү отургузулду.
"Жашыл Мурас" өнөктүгүнүн алкагында өткөн көчөт отургузуу иш - чарасына айыл аймак кызматкерлери, мекеме ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүүлөр катышты.
Бир түп дарагы жок какыраган талаа буйруса жашыл аалам болот. Мусулманчылыкта мөмөлөрүн терип жесе сооп болот дешет мындагылар.
Бул көчөттөр табиятка ыктап, амал алганча Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын тийиштүү кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот дейт -район акими Алтынбек Сеңирбаев.
Сүрөттөр