Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - аким А.Ж.Сеңирбаевдин № 80-б буйругу менен Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын башчысы болуп Исабеков Бакытбек Ниязбекович дайындалды
12-03-2024

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагынын башчысы болуп Исабеков Бакытбек Ниязбекович дайындалды
- Исабеков Бакытбек Ниязбекович Чаткал районунун Жаңы- Базар айылында туулган. Ак - Таш айылдагы " Жаш -Тилек" орто мектебин ийгиликтүү аяктаган.
- 1996-2001-жыл
Кыргыз Мамлекеттик дене-тарбия институтунун Жалал-Абад филиалы, педагогика факультети, дене тарбия адистиги боюнча мугалим.
Иш тажрыйбасы:
-2022-жылдын 18-августунан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган;
- 2017-2021-ж. Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 2016-2017-ж. Чаткал райондук балдар чыгармачылык үйүнүн окуу бөлүмүнүн башчысы;
- 2015-2016-ж. Чаткал райондук Балдар чыгармачылык үйүнүн “Тогуз коргоол” ийриминин жетекчиси;
- 2012-2013-ж. Чаткал райондук көркөм өнөр мектебинин ийрим жетекчиси;
- 2011-2012-ж. Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими;
- 2007-2011-ж. Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин директору;
- 2002-2007-ж. Чаткал районунун Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектебинин диретордун тарбиялык иштер боюнча орун басары;
- 200-2002-ж. Чаткал районунун Ак-Таш айылындагы Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими;
Класстык чендер жана наамдар:
- Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
Алган сыйлыктары:
- Усупбек уулу Кубатбек атындагы орто мектебинин Ардак грамотасы;
- Райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы;
- Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;
- Чаткал райондук Кеңешинин Ардак грамотасы;
- Жалал-Абад областтык администрациясынын Ардак грамотасы;
- Кыргыз Респуликасынын Билим берүү жана Илим министрлигинин Ардак грамотасы;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек Ара Кызматынын Ардак грамотасы;
- Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлигинин Ардак грамотасы;
- Баткен жоокерлеринин Республикалык Комитетинин медалы;
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата райондун социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн юбилейлик медалы менен сыйлаган.
Б.Исабеков баштаган жумушун аягына чыгарган, жумушуна так, чынчыл, өз ишине берилгендик менен мамиле жасаган жетекчи.
Ийгилик каалайбыз!
Сүрөттөр