Чаткал РИИБдин көчмө кабылдамасы айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

06-05-2024

 Чаткал РИИБдин көчмө кабылдамасы айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Бүгүн, Чаткал РИИБдин башчысы милициянын полковниги К.Б. Нуриев жетектеген жумушчу топ Чаткал районунун Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай айылдарынын тургундарынын арыз-мууң, кайрылууларын жана башка көйгөйлөрүн жеринде угуп чыгышты.

 Жумушчу топтун курамы жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын жеринде чечүүгө басым жасады.

 Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысынан 27 жаран кайрылып, арыз-даттанууларына ИИОнун компетенциясынын чегинде жооптор берилди.

Айыл тургундарынын көйгөйлүү маселелеринин бири “Мал уурулук” экендиги аныкталып, мал уурулуктун алдын алуу, болтурбоо максатында РИИБ тарабынан уюуштурулган атайын тозоттор (посттор) коюлуп, тыкыр көзөмөлгө алынууда.

Ал эми жаш өспүрүмдөр боюнча май айындагы майрамдарга карата, ошондой эле 25-май мектепти бүтүрүү аземдери боюнча кайрылуу, сунуштар айтылды. Сунуш, кайрылууларды эске алуу менен РИИБдин башчысы милициянын полковниги К.Б. Нуриев тиешелүү кызматкерлерге жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча тапшырмаларды берди.

 Ошондой эле район аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында иш-чара уюуштурулуп, калк арасында коомдук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөөшүү жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу, болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

 Ал эми жергиликтүү тургундар жогоруда айтылган убадалар жөн гана куру сөз болбостон, толугу менен аткарылышын айтышты. Алардын бир гана тилеги мал уурулукту болтурбоо үчүн РИИБдин кызматкерлери такыр көзөмөл кылуусу керек дешет. Ал эми кылмыш кылгандарга катуу чара көрүүсүн талап кылышты.

 ️Айта кетсек, Чаткал РИИБдин берген маалыматы боюнча 2023- жылы мал уурулук менен 1 фактысы катталып, бети ачылган жана ар кандай 5 уурулук фактысы катталып баарынын бети ачылган.Ал эми 2024- жылы январь айынан бери мал уурулук фактысы катталган эмес дешет кызматкерлер.

Сүрөттөр