Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткалда 25- май мектеп окуучуларына бүтүрүү аземдерин билим берүү мекемелеринен тышкары жакта уюштурууларга тыюу салынат
15-05-2024

Чаткалда 25- май мектеп окуучуларына бүтүрүү аземдерин билим берүү мекемелеринен тышкары жакта уюштурууга тыюу салынат
Бүгүн, Чаткал РИИБдин башчысы милициянын полковниги К.Б. Нуриев, РИИБдин ЖКККК, БИИ, МАЫӨ кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлөрү менен биргеликте Чаткал районунун Ак-Таш, Курулуш, Жаны-Базар айылдарынын мектептеринде ата-энелерине жана мектеп окуучуларына атайын жыйын өткөрүштү.
Мында 25-май бүтүрүү аземдерин өткөрүү учурундагы коопсуздукту камсыз кылуу;
Өткөрүлүүчү иш-чаралар билим берүү мекемелеринен тышкары жакта уюштурууларга тыюу салынуу;
Жол коопсуздук эрежелери боюнча окуучуларга түшүндүрмө берүү жагы талкууга алынды.
Бир гана бүтүрүү аземин өткөрүү жагы билим берүү мекемесине жана милиция кызматкерлерине жүктөбөй, ар бир ата- эне балдарынын коопсуздугун, катышуусун көзөмөлгө алуусу абзел.
Буга чейинки бул күндөрү катталган окуялардын себеби да ата- энелер баласынын кайда жүргөнүнөн кабары жоктугу себеп болгондугун милиция кызматкерлери айтып беришти.
Ата- энелердин кээ бирлери балдарыбыз бир жолу мектепти аяктаган деген ойлорун айтса, кээ бирлери тынч- аман, чыры жок аземди өткөрүүнү сунуш кылышты.
Кандай гана болбосун өз балдарыбызга контролду күчөтөбүз дешти.
Ал эми коопсуздук, тартип жагы тийиштүү мекеме тарабынан көзөмөлдөнөт.
Сүрөттөр