Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткалда аптаптуу күндөрдө жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо көзөмөлдөнүүдө
12-06-2024

КООПСУЗДУКТУ САКТАЙЛЫ!
️Бул чакырык Чаткал районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулду.
Аптаптуу жай мезгилинин ыссыгы өспүрүм курактагы балдарды сууга жетелейт.
Бирок алардын сууга чөгүп кетпөө коопсуздугун алдын алуу максатта ӨККБ Терек -Сай аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте, Терек-Сай, Ак-Терек, Кызыл-Токой айылдарындагы суу көлмөлөргө жана суу жээктерине, эл көп топтолуучу жерлерге эскертүүчү баннерлер, табличкалар коюлуп, айыл тургундарына жана өспүрүм курактагы балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Урматтуу ата - энелер! Балдарыбыздын коопсуздугун сактап, көзөмөлгө алууңуздарды өтүнөбүз!
Сүрөттөр