ЧАТКАЛДА БАЛДАР КООПСУЗДУГУ КАРАЛУУДА

06-06-2024

 ЧАТКАЛДА БАЛДАР КООПСУЗДУГУ КАРАЛУУДА

      Чаткал РЭСКМБнын Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана РИИБнин жашы жете электер боюнча инспекциянын улуу аймактык тескөөчүсүнүн кызматкери ата- энелер менен биргеликте иш алып барууда.

      Учурда окуучулар жайкы каникулга чыгышып, жайдын аптабында эс алуу үчүн көлмөлөргө, агын суу жээктерине, токойлорго барбоо үчүн милиция кызматкерлер жер- жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

      Мындай учурларда кырсык катталбашына себепкер эң биринчи ата - энелер балдарына көзөмөлдү күчөтүүсү керек дешет адистер. Анткени каникул учурларда балдардын коопсуздугу ата - энелердин жоопкерчилигинде.

       Кызматкерлер кооптуу аймактарды айтуу менен, эскертме кагаздарды коомдук жайларга илип чыгышты.

Сүрөттөр