Чаткалда дыйкандарга экинчи суугат суу бериле баштады

26-07-2024

      Быйлкы 2024-жылга Чаткал суу чарба башкармалыгына каналдардын жана техникалардын ремонт иштерине 2 400,0 миң сом акча каражаты каралган.

       Учурда Кара-Суу, Аюу- Чачы, Чакмак- Суу, Кара -Шоро каналдары утурумдук оңдоодон өтүп, дыйкандарга өз убагында суугат суу берилди. Техникалардан - "Хунтер" экскаватору, "Форланд" кызматтык авто унаа оңдолуп, өз убагында суугат иштерине кызмат кылды. 

       Быйылкы сезонго дыйкандарга сууну үзгүлтүксүз камсыз кылып, азыркы кундо экинчи суугат сууну бере баштады.

      Чаткал суу чарба башкармалыгында техникалар жетиштүү, жумуш өз учурунда, мерчемделген пландын негизинде жүрүүдө. Ишкананын жетекчиси Ашыркул Нышановго жана эмгек жааматына жергиликтүүлөр ыраазы. Ишканада 25 кызматкер эмгектенет.

      Ар бириңиздердин үйүңүздө жылуулук, суу, дан мол болсун!!

Сүрөттөр