Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткалда күн бүркөк, кар жаап жатат.Тазалоо жумуштары түнкү саат 02.30да башталган.
19-02-2024

Чаткалда жолдорду кардан тазалоо жумушу уланууда
Бүгүн Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолун жааган кардан тазалоо жумуштары түнкү саат 2-30да башталды.Анткени түн уйкусунан кечсе дагы жүргүнчүлөргө жол каттамын түзүп берүү жолчулардын максаты.
Буга чейин белгилүү болгондой аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн кар көп жаап, Чапчыма ашуусунда бир топ көчкүлөр катталган. Анын эч чоңу Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка жолунун 86 чакырымында 42 000 куб/м түзгөн. Натыйжада жол тейлөө кызматкерлери күндөп- түндөп тынымсыз жумуш алып барып, жол каттамы ишемби күнү бир тараптуу ачылган болчу.
Ал эми бүгүн жол тазалоо жумуштарына № 27 - Чаткал райондук жол тейлөө кызматы 3 автогрейдер жана бир даана бульдозер менен жумуш алып барууда.
Ар бир жасалган эмгек Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын көзөмөлүндө болууда. Калктын муктаждыгын чечүүдө ыкчам аракеттер жүрүп жатат.
Учурда күн бүркөк. Кар жаап жатат.
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.Ошондой эле айдоочуларга түнкүсүн жолго чыкпай туруусун эскертебиз.
Сүрөттөр