Чаткалда Кара - Корум жана Оут - Сай жолдору оңдолду

13-06-2024

    Чаткалда Кара - Корум жана Оут - Сай жолдору оңдолду

    Чаткал районунда Каныш - Кыя айыл аймагынын Курулуш айылына караштуу 

Кара-Корум жана Оут -Сай жолдору оңдолду. 

     Узундугу 50 чакырымга жакын аралыкты түзгөн бул жолдор табигаттын кубулуштарынан жолду суу жеп кетип, арыкчалар пайда болуп автоунаа менен катоо кыйынчылык жаратып келген. Жүк ташуучу унаалар барбаса, жеңил унаалар өтүүгө мүмкүн эмес абалга келген.

     Каныш - Кыя айыл аймагынын техникалары менен жолдун ремонт талап кылган 15 чакырым аралыгы чуңкур жерлери толтурулуп, жол кеңейтилип сүрүлүп чыкты.

       Оут -Сай участогунда Курулуш айылынын тургундарынын үлүш жерлери бар. Ал эми Кара - Корум участогунда үлүш жерлер жана тургундар малдарга жайыт катары пайдаланышат.

      Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин жеке көзөмөлү менен канча жылдан бери оңдоп - түзөөгө муктаж жолдор оңдолууда. Мунун себебин - ирилештирүүнүн натыйжасы деп белгилейт район акими. Анткени дотацияда турган айыл аймактар, өзүн өзү каржылаган аймактар менен бириктирилгени оң таасирин берүүдө. Мындай саамалыктар канчасы жасалып бүтсө, алдыда бир топ пландар бар.

      Чаткал районунун Курулуш айылынын тургундары жол каттамы жакшырганына ыраазы. Алардын жайдагы иш- аракети, кыш камы ушул жол менен бүтөт.