Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткалда мөмөлүү дарактарды өстүрүү жанданат
20-04-2024

Чаткалда мөмөлүү дарактарды өстүрүү жанданат
Климаты катаал, кыш мезгили 6 айга созулган Чаткал өрөөнүндө мөмөлүү дарактардан алма жакшы болоорун жергиликтүүлөр билишет. Бирок андан башка мелүүн аба - ырайына чыдамдуу дарактарды да өстүрүү керектиги учур талабы.
Бул багытта Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы бир топ пландарды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу аракетинде.
КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана КР Улуттук статистика комитетинин , Кыргыз Республикасынын аймагында көп жылдык мөмө -жемиш бак- дарактардын жана жүзүмдөрдүн өзүнчө жайгашкан аянттарына мониторинг жүргүзүү жөнүндө, 2024-жылдын 2-мартындагы №50-НИ/18 биргелешкен буйругунун негизинде Жалалабат областтык статистика башкармасы тарабынан нускамалык окуу семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө Жалал-Абад областтык статистика башкармасынын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Азамат Джетишиков - Чаткал өрөөнү таза аба, жери борпоң келгендиктен ыссыкты өтө сүйбөгөн мөмөлүү дарактардын көчөтүн отургузууга болот дейт.
Ал эми жергиликтүүлөр дан эгиндери, жер- жемиштер кошумча химиялык каражаттар себилбей бышырыларын дыйкандар айтышты.
Соңунда дыйкандарда, ишкерлерде сунуштар болсо кабыл алынары эске алынып, андан сырткары өрөөн ичиндеги ылайыктуу жер тилкелери анализденет дешет уюштуруучулар.
Сүрөттөр