Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткалда өндүрүлгөн бал чет өлкөгө экспорттолот
08-02-2024

Чаткалда өндүрүлгөн бал чет өлкөгө экспорттолот
Бул туурасында Бишкек шаарында өткөн USAID уюмунун бал тармагы өкүлдөрүнүн республикалык конференциясында сөз болду.
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан бал өстүрүү жагы дүйнө жүзүн кызыктырып, ал боюнча ири долбоорлор даярдалып жатканы сүйүнүчтүү.
Өлкө ичиндеги балдын сапаттуулугуна караганда Чаткал өрөөнүнүн балы алдыңкы орунда. Анткени табигый чөптөрдүн көп түрдүүлүгү, жайкысы аба салкын келип, арылардын бал чогултуусуна ыңгайлуу дешет балчылар.
USAID уюмунун бал тармагы өкүлдөрүнүн республикалык конференциясына Чаткал районунун Сумсар айылынын тургуну Эралы Джянбеков катышып келген.
Конференцияда балдын сапаттуулугу, арылардын асыл тукум пародаларын көбөйтүүнү, аларды сырткы чөйрөдөгү оорулардан коргоо үчүн аракеттер туурасында сөз болду дейт Эрлан Джянбеков. Ошондой эле Кыргызстанда балды экспортто жолго коюларын кошумчалады.
Эралы Джянбеков 6 жашынан аарычылыкка кызыга баштаган.Анын атасы, чоң атасы аарычы болгон. Ошондон улам жаштайынан бал челек кармоонун сырларын, кыйынчылыгын, кандай учур болбосун аарылардын тилин түшүнүп, кырдаалга жараша мамиле жасоону билет.
40 жылдан бери балчылыкты кесип кылган Э.Джянбековдун учурда 150 ящик карпатка, карника сорттогу бал челеги бар. Балчы Сумсар айыл аймагы тарабынан колдоо болуп турганына кубанат. Буйруса ал арылардын сапаттуулугу жогорулайт деген ойдо.
Ал эми Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев мындай долбоорлорду колдоорун билдирип, жайыт комитетине, айыл -чарба бөлүмүнө жаз алды менен чөптөрдүн уругун себүүнү тапшырма кылууну убада кылды. Айтымында, сапаттуу чөптүн түрдүүлүгү балдын сапатына гана таасир бербей, мал чарбачылыгына да тоют болмокчу.
Сүрөттөр