Чаткалда социалдык педагогдордун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар болду

07-02-2024

        Чаткалда социалдык педагогдордун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча семинар болду 

        ️Бүгүн "Алике Айымбетов" атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Элгиза Анарбаева жана мектептин соцпедагогу Нурзат Темирова семинар уюштурду.

        Семинарга райондогу 19мектептин соц педагогу, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Махабат Токуева, социалдык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кундуз Сейталиева , райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбектин Эмилбек уулу катышты.

        Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Эмилбек уулу соцпедогогдордун ишин жакшыртуу, жаңы келген кадрларга багыт берүү учур талабы экендигине токтолуп, соцпедагогдор ар дайым окуучулар, ата - энелер менен тыгыз байланышта иштөөсү керектигин баса белгилеп өттү. 

        Анткени азыркы технологиянын кылымында өспүрүмдөрдүн дүйнө таанымы алда канча өзгөргөн, соцпедагогдор ар бир баланын көз карашы, мүнөзү менен эсептешүү абзел деп кошумчалады. 

          Семинарда тажрыйба алмашуу, окуучулар менен мугалимдердин мамилеси, мектеп ичинде карама -каршылыктарды болтурбоо менен бирге, окуучуларды билимге кызыктыруучу методикаларды талкуулашты. Соцпедагог психологияны жакшы билүүсү айтылып, иш -кагаздар кандай жүргүзүлөрүн жана инклюзивдик окутуу боюнча адистер түшүндүрүп беришти. 

 

Сүрөттөр