Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
ЧАТКАЛДА УУЗ- ЧЕБЕРЛЕРДИНФЕСТИВАЛЫӨТТҮ
14-08-2024

ЧАТКАЛДА УУЗ- ЧЕБЕРЛЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
Бүгүн 11-августта Чаткал районунда “Терме - акылдын айдыңы, курак - элдин байлыгы” аттуу фестивалдын экинчи бөлүгү уланды.
Фестивалга район акими А.Ж.Сенирбаев, жети дубандан келген катышуучулар, Өзбек Республикасынын Наманган облусунун Касан-Сай районунун акиминин биринчи орун басары, “SAVANNA” туристик компаниясынын директору Р.К.Максудов жана тийиштүү жетекчилер катышты.
Келген конокторго райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздору тарабынан концерттик программа жана "Кыз жигит" сармердени уюштурулган.
Республиканын аймагынан 19 район жана облустан 180ден ашуун колунан көрү төгүлгөн ууз- чеберлер катышып байгелүү орундарга ээ болушту. Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан диплом, сертификаттар, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Фестивалдын негизги максаты өлкө аймагында улуттук маданиятты таанытуу менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы "Маданият искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" ПЖ ✓193 жана 2022-жылдын 20-майындагы "Улуттук нарк жөнүндө" ПЖ ✓157, 2022-жылдын 30-августундагы "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу" ПЖ ✓303 Жарлыктарын камтыйт.
Сүрөттөр