Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткалда жолдорду кардан тазалоо жумуштары жүрүүдө
08-02-2024

Чаткалда ️ жолдорду кардан тазалоо жумуштары жүрүүдө
Бүгүн Чаткалда бороон болуп, кар жаап жатат. Кече күндөн бери тынымсыз жааган кардын калыңдыгы 45- 50см жетет. Учурда кар сүрүү, тазалоо жумуштарына техникалар тартылган.
Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка, Айгыр-Жал унаа жолдорунда каттам бар.Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунда көчкү түшүү коркунучу бар.
Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка унаа жолунун 100-101км түшкөн кар көчкүлөр тазаланып жол каттамы берилди дейт №27 - жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Муратбек Жоошев.
Алдыда маалыматтарды берип турабыз! Адистер айдоочуларга жана жергиликтүүлөргө зарыл жумуш болбосо жолго чыкпай туруңуздар, же болбосо 500м аралыкты сактоо абзел экенин эскертет.
Эртең мененки саат 07.00 дон баштап жолчулар калк кызматында
Сүрөттөр