Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткалда жумушсуздукту колго алып,жумуш да бүтүп жатат
09-07-2024

ЧАТКАЛДА ЖУМУШСУЗДУКТУ КОЛГО АЛЫП, ЖУМУШ ДА БҮТҮП ЖАТАТ
Чаткал районундук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө район боюнча 800гө жакын жаран жумушсуздук боюнча каттоодо турат.
Райондо мал чарбачылык жана айыл чарбачылык менен жан баккан жергиликтүүлөр мамлекеттик ишканаларда эмгектенгендери бар.
Жыл сайын райондук мамлекеттик администрация тарабынан жумушсуздук маселеси көтөрүлүп, эмгекке жарамдуулугуна, аткара алчу жумушуна карата көптөгөн айылдыктарды кен иштетүүчү ишканаларга жумушка орноштурушат.
Ал эми Чаткал районундук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө каттоодо турган 72 жумушсуз жарандарды Каныш-Кыя айыл аймагында кооптуу суу жээктерине габион токуу максатында жумушка тартып, учурда 5 долбоор өз ишин ийгиликтүү аяктады.
Алардын эмгек акысына Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк програмасы тарабынан ар бир жаранга 6 кап ун 30 литир май таркатылып берилди.
Маяна алуучулардын айтымында бул берилген ун май бир нече күн үй - бүлөсүн багууга жардам болот дешет.
Мамлекеттен айлык албаганы менен арасында мээнет кылып, үй - бүлө багышкандары бар. Алар мындай долбоорлор көп болсо деген ойдо. Бирок жумуш берүүчүлөр жасаган жумушун сапаттуу деп баалашууда.
Сүрөттөр