Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Чаткалда Жылдын мыкты тарбиячысы аныкталды. Сынакка район боюнча 17 тарбиячы катышты
20-04-2024

Чаткалда жылдын мыкты тарбиячысы аныкталды
Кече күнү эки күнгө созулган Жылдын мыкты тарбиячысы-2024" кароо-сынагы жыйынтыкталды.
Таймаш "Бүчүр МЧББУ" мекемесинде болуп, жалпы 17 тарбиячы күч сынашты.
Калыстар тобунун билдирүүсүндө тарбиячылардын балдарга билим берүүдөгү жөндөмү, фантазиясы, ойлоп табуучулугу жана балдардын аң - сезимине жараша ыкчам иш алып баруусу эске алынды.
Жыйынтыгында:
Баш байге- "Ай-Нуру МЧББУсунун тарбиячысы - Нурзат Бердибекова;
1-орун - "Келечек МЧББУсунун тарбиячысы- Токтокан Мамбетова;
2-орун - "Бал тил" МЧББУсунун тарбиячысы Айида Мамырова;
3- орунду "Бүчүр" МЧББУсунун тарбиячысы- Асылкан Ажыбаева жана "С.Чондоева атындагы МЧББУсунун тарбиячысы Мээрим Абдыкеримова багындырды.
Катышуучулар сынакка катышуу менен бирге тажрыйба арттырганын айтышат. Ал эми жеңүүчүлөр үчүн мындай жөрөлгө жумуш стилинде стимул гана болмокчу.
Сүрөттөр