Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
ЧАТКАЛДЫК ИШКЕРЛЕР ОБЛУСТУК ФОРУМГА КАТЫШУУДА
06-11-2025
Жалал-Абад шаарында 2025-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан “Манас Экспо – 2025” аттуу эл аралык кызматташтыкты, чек аралык сооданы жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча форум өтүп жатат.
Бул форумдун негизги максаты — Жалал-Абад облусунун жана жалпы Кыргыз Республикасынын инвестициялык, соода-экономикалык жана маданий мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытуу, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланыштарды чыңдоо болуп саналат.
Иш-чарага союздаш жана коңшу мамлекеттерден келген расмий делегациялар, ири компаниялардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда. Форумдун алкагында инвестициялык жана соода көргөзмөсү уюштурулуп, анда ар бир район жана шаар өзүнүн өндүрүш товарларын, жергиликтүү продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн эл аралык конокторго сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.
Чаткал районунан бул иш-чарага район акими Алтынбек Сеңирбаев баштаган ишкерлер тобу катышып, өздөрүнүн продукцияларын жана долбоорлорун тааныштырып жатышат. Алардын катышуусу район экономикасынын өнүгүшүнө, чакан жана орто бизнестин эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө жол ачат.
Форумдун уюштуруучуларынын айтымында, “Манас Экспо – 2025” аймактар аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, инвестиция тартууга жана жергиликтүү өндүрүштү колдоого чоң өбөлгө түзөт.
Сүрөттөр