Чаткалдыктар зордук-зомбулукка жана балдарга карата кылмыштуулукту болтурбоо аракетинде

22-04-2024

 Чаткалдыктар зордук - зомбулукка жана балдарга карата кылмыштуулукту болтурбоо аракетинде

 Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары А.Ж.Таштанбаеванын жетекчилиги астында үй-бүлөлүк зордук -зомбулуктун жана балдарга карата кылыштуулуктун алдын алуу максатында Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылындагы А.Мамдалиев атындагы айылдык маданият уйундо Ж.Ташкеев, М.Исмаилов, А.Айымбетов атындагы жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын ата-энелери жана комиссия курамы менен биргеликте жыйын болду.

 ️Жыйынга комиссиянын төрайымы А.Ж.Таштанбаева жана райондун прокурору Н.Д.Бекишов, райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Г.Т.Акылбекова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Р.Э.Бусурманкулов, Чаткал ЖДПБнун директору М.М.Исмаилов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана баланы коргоо бөлүмүнүн кызматкери жана башка мүчөлөрү катышты.

 Жыйындын максаты райондун аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукта ата-эненин ролу, орду, окуучулар менен болгон мамилеси, жашы жете электер тарабынан жана аларга карата жасалган зордук-зомбулуктардын, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу. 

 Жыйынга катышкан ата- энелер дагы өз ойлорун ортого салып, мугалимдер менен тыгыз иш алып барышканын айтышты. Кээде балдардын психологиясына доо кетирген мугалимдер да кездешип жатканын интернет булактарынан көрүп жаткандарын талкууга салып, мындай көрүнүштөргө жол бербөө керек дешет катышуучулар.

 Мындай түшүндүрүү иштери Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы № 60 “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 15-мартындагы № 91-б буйругу жана Үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу максатында комиссия курамын түзүү үчүн, Кыргыз Республикасынын «үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык 2024-жылдын 14-мартындагы № 90-б буйруктарынын негизинде түзүлгөн графикке ылайык айылдарда өткөрүлөт.

 

📝Ч

Сүрөттөр