Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
ЧЕК АРА МАСЕЛЕЛЕРИНЕ БАЙЛАНЫШКАН ЧУКУЛ ЖЫЙЫН ӨТТҮ
19-09-2025

Бүгүн, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында чек ара коопсуздугуна жана эндик өсүмдүгүн мыйзамсыз казууга байланышкан көйгөйлөрдү талкуулоо боюнча чукул жыйын болуп өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Рустамалы Асанбаев, Ак-Таш чек ара тозотунун жетекчиси, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, капитан М. Байдулетов, милициянын полковниги Т. Турсунбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын улук офицери, майор А. К. Исмаилов, улук лейтенант Б. И. Бектемиров, айылдык кеңештин депутаттары жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
Талкууланган негизги маселе — айрым чаткалдыктардын эндик өсүмдүгүн издеп, коңшу Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп жатышы болду. Бул көрүнүш коопсуздукка гана эмес, адамдардын өмүрүнө да чоң коркунуч жаратып жатканы белгиленди.
Акыркы убакта бул жагдайдан улам кайгылуу фактылар катталды:
Жакында Өзбекстандын чек ара кызматкерлери тарабынан ок атылып, 2 кыргызстандык жаран каза тапты.
Өткөн жылы эндик казууга чыккан 6 адам кар көчкүнүн алдында калып, курман болгон.
Мындай учурлардын улана бериши райондун коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч туудуруп, социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн экендиги баса белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар сунуштар айтылды. Айрым катышуучулар мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу үчүн эндик казууну толугу менен токтотуу зарылдыгын белгилешсе, башкалары эндикти кабыл алып жаткан соодагерлерге жана сатып алуучуларга чектөө киргизүүнү талап кылышты. Бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдарга жана республика жетекчилигине сунуштарды жеткирүү чечими кабыл алынды.
Адистердин айтымында, эндик өсүмдүгү акыркы жылдары дүйнөлүк фармацевтика тармагында суроо-талапка ээ болуп, жергиликтүү калк арасында киреше табуунун булагына айланып калган. Бирок мыйзамсыз чогултуу жана чек араны бузуп өтүү адам өмүрүн тобокелге салуу менен бирге, мамлекеттер аралык мамилеге да терс таасирин тийгизүүдө.
Жыйын соңунда Рустамалы Асанбаев бардык тиешелүү кызматтарга мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүнү жана эл арасында түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле, чек арада жашаган тургундардын коопсуздугу биринчи орунда тураары белгиленди.
Сүрөттөр