Эки өлкөнүн адистери Чаткалда туризм жаатында жолугушту

26-03-2025

Кыргыз Республикасынын жана Өзбек Республикасынын ортосундагы тыгыз кызматташтык Чаткал районунда өзүнүн жаңыча кадамдарын баштады.
24-25-апрель күндөрү Чаткал районунда өнүгүүнүн жана инвестициялык ынтымактын шаңында "Чаткал-Резорт" тоо-лыжа комплекси боюнча иштердин жаңы этабы башталып, бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө зор салым кошо турган маанилүү кадам катары белгиленди.
Тактап айтканда, Кыргызстан жана Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик мекемелеринен түзүлгөн атайын комиссия өз ишин Чаткал районунда баштап, "Чаткал-Резорт" тоо-лыжа комплексин уюштуруудагы алгачкы кадамдарды талкуулоо жана координациялоо максатында чогулду.
Комиссияга Кыргызстан тарабынан «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо Фонду» акционердик коомунун президенти Кылычбек Рысалиев жана долбоордук менеджери Талантбек Ысаков катышты.
Ал эми, Өзбекстан тараптан республикалык туризм тармагына инвестиция тартуу жана ишкердикти колдоо комитетинин жетекчиси Аброрхон Мунаваров жана «Улуттук PR-Центр» мекемесинин адиси Камила Аташова баштаган тиешелүү адистер катышты.
Биринчи күндүн иш-чарасында комиссия мүчөлөрү Чаткал өрөөнүнүн Ак-Таш айылынын Беш-Салаа участкасында жайгашкан тоо-лыжа комплекси курулчу жай менен жакындан таанышты.
Экинчи күнү райондук мамлекеттик администрациясындагы жолугушуу болуп, анда аталган тоо-лыжа комплексинин курулуш иштеринин экономикалык жана социалдык пайдасы кенен талкууланды.
Мында, белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы туризмди өнүктүрүүдө приоритет катары Ташкент-Чаткал автоунаа каттамын ачуу каралган. Аталган долбоор ишке ашса, туризм жаатын өнүктүрүүнү колго алууга астейдил аракеттер башталмакчы.
Район акими Алтынбек Сеңирбаев жолугушууда тоо-лыжа комплексинин курулушунун өлкөнүн туризм тармагын өркүндөтүүдө, жумуш ордун түзүүдө жана региондун инфратүзүмүн заманбап үлгүдө өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.
Ал эми, комиссия мүчөлөрү мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруунун ортосундагы координациялык механизмдерди бекемдөөнүн, мыйзамдык-аналитикалык маселелерди тактап, долбоордун бардык этаптарында бирдиктүү чечим кабыл алуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Жолугушууда комиссия мүчөлөрү комплекстин курулуш концепциясын иштеп чыгуу, электр энергиясын жеткирүү, автоунаа жолдорун, заманбап мейманканаларды жана асма жолдорду куруу сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулоо менен биргеликте, комплекстин инфраструктурасын дүйнөлүк стандарттарга ылайык заманбап үлгүдө куруу боюнча сунуштарын айтышты.
Район акими Алтынбек Сеңирбаев, тоо-лыжа комплексинин курулуш иштерин жүзөгө ашырууда тиешелүү жергиликтүү мекемелердин жетекчилеринин милдеттер так белгиленип, долбоордун пландаштырылган ишмердүүлүгү жана курулуш этаптары боюнча конкреттүү сунуш-пикирлерин ортого салды.
Иш-чарада комплекстин заманбап архитектуралык чөйрөсү, энергия менен камсыздоо, транспорттук инфраструктурасы жана коммуникация системаларына көңүл бурулуп, курулуш процессинин эффективдүүлүгү жана коопсуздугун камсыздоо жаатында зарыл кадамдар белгиленди.
Жыйынтыгында, эки өлкөнүн адистери тарабынан «Чаткал-Резорт» тоо-лыжа комплекси долбоорун биргелешип куруу боюнча бирдиктүү орток пикирди кармануу менен, региондун туризм секторун күчөтүү жана экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүдө болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча макулдашууга жетишилди.
Мындай чоң демилгелер Кыргыз жана Өзбек мамлекеттери ортосундагы биргелешкен ишмердүүлүктүн жана региондук өнүгүүнүн жаңы деми катары өлкөнүн туризм жана инфраструктуралык секторлорунда жаңы кадамдарды жасоого себепчи болмокчу.