Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
"ЭКО-ЧАТКАЛ2030" ПРОГРАММАСЫ БЕКИТИЛДИ
07-11-2025
“ЭКО-ЧАТКАЛ 2030: АДАМ. ЖАРАТЫЛЫШ. ӨНҮГҮҮ.” программасы бекитилди
Урматтуу Чаткал районунун тургундары!
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 5-ноябрындагы коллегиясынын №15-кт токтому жана 2025-жылдын 6-ноябрындагы №41 токтомуна ылайык, “ЭКО-ЧАТКАЛ 2030: АДАМ. ЖАРАТЫЛЫШ. ӨНҮГҮҮ.” аттуу программа расмий түрдө Чаткал районунун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүү программасы катары кабыл алынып, бекитилди.
Бул маанилүү документ районду узак мөөнөттүү туруктуу өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.
Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргызстанды 2030-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү стратегиясынын” алкагында, ошондой эле “Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” мамлекеттик демилгесине ылайык иштелип чыккан.
Мындан тышкары, документ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы №134 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна негизделип түзүлгөн.
“ЭКО-ЧАТКАЛ 2030” программасы Чаткал районунун келечегин адам, жаратылыш жана өнүгүү ортосундагы тең салмактуулукту сактоо принцибине негиздеп, экологиялык багыттагы жаңы ыкмаларды киргизүүнү жана элдин турмуш деңгээлин көтөрүүнү максат кылат.
Алсак, программа төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
аймактагы жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу;
жашыл экономика жана органикалык өндүрүштү өнүктүрүү;
инфраструктураны жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу;
маданий жана туристтик потенциалды жогорулатуу;
жергиликтүү демилгелерди жана жарандык коомду колдоо.
Бул программа Чаткалдын экономикалык, экологиялык жана социалдык багыттагы өнүгүүсүнө жаңы дем берип, аймактын “жашыл бренд” катары калыптанышына өбөлгө түзөт.