Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
Эл өкүлү элдин көйгөйүн укту
26-03-2025

Эл өкүлү элдин көйгөйүн укту
Жогорку Кенештин депутаты Жайлообай Нышанов Чаткал районунун бир катар айылдарда иш сапарын өткөрүп, жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн укту.
Иш сапарынын башында ал Каныш-Кыя айылындагы борбордук ооруканада дарыгерлер менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер менен жеринде таанышты. Жолугушууда эл өкүлү аймактын медициналык кызматтарын жакшыртуу боюнча сунуштарды жана чечим жолдорун талкуулашты.
Андан соң, иш сапары Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылдарындагы мектептерде уланды. Эл к€л€ анда, мугалимдердин суроо-талаптарын угуп, билим берүү жаатындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулап, окуучулардын билим деңгээлин көтөрүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Аталган мектептерге Жогорку Кенештин Төрагасынын резервдик фондунан материалдык жардам катары 50 миң сомдон бөлүнгөн каражаттардын сертификаттары тапшырылды.
Ошондой эле, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 100 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Буга кошо эле, бир нече алдыңкы мугалимдерге КР. ЖК төрагасынын атынан «Ыраазычылык каттары» тапшырылды.
Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Жаңы-Базар, Коргон-Сай, Башкы-Терек, Чакмак-Суу айылдарынын тургундары менен уюштурулган жолугушууларда социалдык маселелер жана жазгы талаа иштерине байланышкан суроо-талаптар талкууланды. Бул жолугушууларга жергиликтүү бийлик бутагынын өкүлдөрү да катышты.
Депутат Жайлообай Нышанов жолугушууларда айтылган ар бир маселе маанилүү экендигин баса белгилеп, тийиштүү маселелерди ыйгарым укуктары чегинде чечүүгө аракеттенээрин билдирди.
Сүрөттөр