Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
ЭЛДИК ЖЫЙЫНДА АЙТЫЛГАН УБАДАЛАР АТКАРЫЛДЫ
30-04-2024

ЭЛДИК ЖЫЙЫНДА АЙТЫЛГАН УБАДАЛАР АТКАРЫЛДЫ
2024- жылдын 19 - мартынан 12- апрелге чейин Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев райондук мекеме - ишканалардын жетекчилери менен бирге ар бир айылдын тургундары менен жолугушуп, чечилбей жаткан маселелерин угуп чыккан.
Мында көп убакыттан бери Курулуш айылындагы жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүүдө көйгөй жаратып келген. Бул маселени Курулуш айылынын тургундары акимдин кыдыруусунда айтышкан.
Жергиликтүүлөргө сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын эсебинен жаңы трансформатор орнотулду. Эми бул айылда свет боюнча маселе жаралбайт. Бул мүмкүнчүлүк да ирилештирүүнүн жышааны дейт адистер.
Ал эми Башкы -Терек айылынын тургундары жолугушуу учурунда күйүүчү майдын жеткиликтүү жана арзан берилишин суранышкан.
Учурда 30 т дизель күйүүчү майы 65 сомдон сатылып жатат. Бул баа райондогу коммерциялык баадан 18 сом арзан.
Айыл чарба департаментинин билдирүүсүндө дагы 28т күйүүчү май жакынкы күндөрдө келет. Тийиштүүлөр күйүүчү майдан маселе жаралбайт деп белгилешүүдө.
Ошондой эле Каныш - Кыя айылында өткөн элдик жыйында үрөн маселеси да көтөрүлгөн. Учурда жаз келип, үрөн себүү жумуштары башталган чак. Жолугушууда жазгы талаа жумуштарында эч кандай маселе жаралбасын, анан да өз убагында айдоо жумуштары жүргүзүлөөрүн район башчысы өзү көзөмөлгө алаарын айткан.
Азыр элге 40т буудай таратылды. Анын ичинен 18, 5 т айыл чарба департаменти аркылуу, калганы район аймагындагы ири фермелерден элге сатылды.
Ал эми 10т арпа, 33т эспарцет, 1т беде жергиликтүүлөргө жерине жеткирилип берилди.
PS: Элди кыдырууда ар бир айтылган маселени район жетекчиси өзүнө жазып алган. Ал боюнча көйгөйдүн чечилишин өзү көзөмөлгө алууда.
Жыйында көтөрүлгөн маселердин канчалык деңгээлде кандай аткарылып жатканын байма - бай сиздерге жеткирип турабыз.
Сүрөттөр