Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы
ИШКЕР АЯЛДАР-КООМДОГУ ЗОР КҮЧ
02-09-2025

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында ишкер аялдардын ролун күчөтүү жана алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесине арналган жолугушуу болуп өттү.
Иш-чара Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Чолпон Абдыкалыкованын демилгеси менен уюштурулуп, ага райондук жетекчилик, жергиликтүү ишкерлер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ч. Абдыкалыкова райондогу аялдардын ишкердикке болгон кызыгуусу жогору экенин жана алардын өндүрүмдүүлүгүн арттыруу – райондук администрациянын башкы багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Ал ошондой эле аялдардын демилгелерин колдоо, бизнес жүргүзүүдө зарыл болгон маалыматтык жана каржылык жардамдарды көрсөтүү – жергиликтүү бийлик үчүн артыкчылыктуу милдеттердин катарына кирээрин белгилеп өттү.
Райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Рустамалы Асанбаев өз сөзүндө ишкер аялдарды колдоо үчүн шарттар түзүлүп жатканын айтып, ал үчүн райондук деңгээлде бир катар конкреттүү механизмдер бар экенин маалымдады.
Катышуучулар айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү, дыйканчылыктагы жаңы ыкмаларды жайылтуу жана продукцияларды ички жана тышкы рынокторго чыгаруу багытында сунуш-пикирлерин билдиришти.
Ошондой эле, айыл аймактарындагы айымдардын биргелешкен аракеттерин уюштуруу аркылуу туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу маселеси да көтөрүлдү.
Жыйынтыгында, райондогу ишкер аялдарды бирдиктүү платформага бириктирүү жана алардын өндүргөн продукцияларын республикалык рынокко чыгаруу боюнча маанилүү чечим кабыл алынды. Бул демилге айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге Чаткал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да зор салым кошоору белгиленди.
Сүрөттөр