Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору дайындалды

06-05-2024

Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору дайындалды

 Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин директору болуп Айнура Тойчуева дайындалды.

 Буга чейин ал Айгыр-Жал айылындагы Алике Айымбетов айындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 15 жылдан бери директорлук кызматты аралап келген. Кесиби боюнча математика мугалими.

Айнура Тойчуева 27 жылдык эмгек тажрыйбасында билим берүү тармагына бир топ салым кошкон. Мыкты математик, мыкты педагогдорду тарбиялап чыккан.

Жумушунда тактыкты талап кылган, ак көңүл, адамгерчиликтүү сапаттардын ээси. 

 Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-мартында Чаткал райондук билим берүү бөлүмү - социалдык түйүндөрдөн, сайттан, жергиликтүү тийиштүү мекемелерден сынак жарыяланган.Анда райондогу 6 ЖОББко директорлук кызмат көрсөтүлгөн.

Учурда сынак уланууда. Сынактын шартында директорлук кызматка келүүчү адис 3 жылдан кем эмес бөлүм башчылык кызматта иштөөсү абзел деп белгиленген.

Жаңы дайындалган директор Айнура Тойчуевага ишине ийгилик каалап, билим берүүдө көрөгөчтүк менен, коомдон ажырагыс бүтүндүктөгү мыкты тажрыйбаларын келечек муундарга арнаарына тилектешпиз. 

Сүрөттөр