2023-жылдын 25-декабрь күнү атайын жаштар саясатын жайылтуу жана жаштарды колдоо максатында төмөндөгү иш чаралар өткөрүлдү

26-12-2023

Чаткал ройдук маданият бөлүмүнүн алдындагы жаштар иштери боюнча адисинин 2023-окуу жылындагы иш планынын негизинде 2023-жылдын 25-декабрь күнү атайын жаштар саясатын жайылтуу жана жаштарды колдоо максатында төмөндөгү иш чаралар өткөрүлдү.

1.Кайын-Суу ортомектебинде келечекте ишкерликке жол көрсөтүү максатында окуучулардын колу менен жасалган тамак аштардын ярмаркасы,
2. Ар кандай мекемелерде жаңыдан ишке жайгашкан жаш кызматкерлерди колдоо жана алардын алдыдагы иштерине стимул берүү максатында 2023-жылдын алдыңкы кызматкерлерин сыйлоо жана коомдук жаштар бирикмелерин түзүүгө байланыштуу иш чара уюштурулду. 


Жогорудагы иш чараларга Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын адиси К.Кубанычбеков жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы К.Бекмуратов катышып куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, жаштарга атайын белектерди тапшырышты.
2024-жылы да жаштар бирикмелери жана активдүү жаштар менен биргеликте бир топ алгылыктуу иштер аткаруу пландалууда.